Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Жалал-Абадда төрөттөн каза тапкандар саны өсүүдө


Жалал-Абад облус аймагында быйылкы жылдын 5 ай ичинде төрөт учурунда 6 аял каза тапты. Бул өткөн жылга салыштырганда жогорку көрсөткүч экенин бүгүн "Азаттыкка" облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Маматжан Миянов билдирди.

Анын айтымында, былтыр жыл ичинде 7 аял төрөт учурунда көз жумган, алардын көпчүлүгү Ала-Бука районунан болчу.

Ал эми ымыркайлар арасындагы өлүмдүн саны азайды. Былтыркы жылы төрөлгөн 1000 баланын ичинен 24% чарчап калса, быйыл бул жагдай 19% түзүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG