Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Атамбаев Астанада Назарбаевге "Манас" орденин тапшырат


Ушу тапта Астанада кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин казак мамлекетинин башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу башталып жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди. Жолугушууда соода-экономикалык алаканы бекемдөө, саясий кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында сөз болот.

Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырат. Казак президентин сыйлоо жөнүндөгү жарлыкка Кыргызстан президенти 2-июлда кол койгон. Анда "эки өлкө ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту жана ынак коңшулукту бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн" деп жазылган.

Кечээ Алмазбек Атамбаев Астана шаарынын күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга катышкан болчу.

Бүгүн Казакстан президентинин туулган күнү. Ал 75 жашка чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG