Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Жалал-Абадда жарандыгы жок кишилерге паспорт берилди


Облустун ар кыл район-шаарларынан келген 15 атуулга бүгүн кыргыз жарандыгын тастыктаган паспорт тапшырылды. Алардын катарында башка өлкөдөн көчүп келгендер жана СССР паспортун алмаштырбагандар бар. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратында өткөн иш чарага БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Өлкө аймагында 2014-жылдын февраль айынан тартып БУУнун “Чечүү үчүн демилге” долбоорунун алкагында жарансыздыкты аныктоо аракеттери жүрүүдө. Долбоордун жүрүшүндө ушул күнгө чейин облус аймагынан жарандык алууга 2600 адам кайрылса, 1200 кишиге көмөк көрсөтүлгөн.

Ушул сыяктуу иш-чаралар бүгүн Ош жана Баткен облустарында өтүп, жалпысынан 50гө чукул жаранга паспорт берилди. (RsK)

XS
SM
MD
LG