Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Кытайга улай Нью-Йорктогу биржаларда баалуу кагаздар арзандоодо


АКШдагы фондулук биржалардын шаршембидеги соодасы негизги индекстердин кыйла ылдыйлоосу менен аяктады. Американын 30 ири корпорациясын камтыган Dow Jones индексинде бир жарым пайыздан ашуун төмөндөө болду. Муну менен бир убакта эле жогорку технологиялык ишканалардын акцияларына адистешкен NASDAQ жана S&P 500 индекстери 1,7 пайыздан ашуунга ылдыйлады.

Баалардын арзандоосу Грециядагы кризиске жана Кытайдын баалуу кагаздар базарында акыркы жумада болгон төмөндөөдөн улам инвесторлордун чочулоосуна байланыштырылууда. Wall Street Journal гезити жазгандай, кытай биржасында баалардын арзандашы ал жакта өнөктөшү бар америкалык ишканалардын кирешесине терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн.

Шаршемби эртең менен Ньй-Йорктогу биржанын иши компьютерлердеги система иштебей калды деген себеп менен убактылуу токтогон болчу.

XS
SM
MD
LG