Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Бишкектеги борбордук мечиттин ордуна жаңысы курулат


Бишкектеги борбордук мечиттин ордуна 7 миң кишиге ылайыкталган жаңы имарат курулат. Жумуш быйыл жыл аягына чейин башталарын муфтияттан кабарлашты. Курулушту жергиликтүү “Ихсан хайрия” кору ишке ашырат.

Жаңы мечит эки кабат болуп, бийиктиги 40 метрден ашат жана эки мунара орнотулат.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев “Ихсан хайрия” корунун жетекчиси Муса Магаметов менен курулушка байланыштуу эки тараптуу келишимге кол койду.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, азыркы мечитке 1000 киши батат. (SE)

XS
SM
MD
LG