Босниялык сербдердин жана Сербиянын аскерлери 1995-жылы 11-июлда Сребреница анклавын камоого алып, 8 миңдей мусулман эркекти жана балдарды кырган. Бул Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин Европада жасалган эң чоң кандуу булоон саналат.
9-июлда кыргында өлтүрүлгөн 136 адамдын жаңы табылган сөөктөрү салынган табыттар жүктөлгөн автомобилдерди Сараевонун көчөлөрүндө миңдеген адамдар карап турушту.
Азырга чейин атылгандар чогуу көмүлгөн 93 жайдан жана башка 300дөн ашык жерден табылган 7 миңдей адамдын сөөгү кайра көмүлгөн.
Кызыл кыргындын курмандыктарын эскерип, 8-июлда Тузладан Сребреницага чейин үч күндүк марш башталды. 100 чакырымдык жүрүшкө миңдеген адамдар катышууда.