Президенттин маалымат катчысы Жанар Акаевдин маалымдосуна караганда, президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы 10-июлда кечинде Кыргызстанга кайтып келди.
Кыргыз президенти Башкириянын борбору Уфа шаарында 10-июлда өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун саммитине катышты. Саммитте уюмдун алкагында кызматташуу боюнча 16 документке кол коюлду. Шанхай кызматташуу уюмунда төрагалык кылуу Орусиядан Өзбекстанга өттү. (AiT)