Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Сребреницада мусулмандарды кыргынга алуу эскерилүүдө


Босниянын Сребреница жергесинде мусулмандарды массалык түрдө кыргынга алуусунун 20 жылдыгы эскерилүүдө. Бул Холокосттон кийин Европада массалык түрдө киши өлтүрүлгөн эң оор кылмыш катары бааланууда. Анда 8 миңдей мусулманды серб куралдуу күчтөрү өлтүргөн. Сребреница кыргынынын курмандыктарын эскерүү үчүн Сербия өкмөт башчысы Александр Вучич, АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон, мурунку мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт, Түркиянын өкмөт башчысы Ахмед Давутоглу келди.

Босниядагы үч жылдык согуштан кийин 1995-жылы 11-июлда серб аскерлери мусулмандар жашаган чөлкөмдү көзөмөлүнө алып, ал жерде кыргын жасаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG