Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Мукачеводо улутчулдар сүйлөшүүгө барды


“Оңчул сектордун” активисттери
“Оңчул сектордун” активисттери

Украина бийлиги Закарпат облусундагы Мукачево аймагында “Оңчул сектордун” активисттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. “Оңчул сектор” Орусияда тыюу салынган ашынган улутчулдардын тобу болуп саналат.

11-июлдун таңында ашынган улутчулдар Мукачевого кол салуу уюштуруп, үчөө окко учуп, онго жакыны жараат алган. Мерт кеткендердин бири жөн жай тургун. Улутчулдар эгер аларды Украинанын коопсуздук кызматы кабыл алса, куралдарын таштоого даяр экенин билдиришүүдө.

Прокуратура ишембиде “Оңчул секторго” карата терракт жана кылмыштуу топ түзүү беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Оңчулдар атышууда эки согушкери өлгөнүн жүйө тартып, интернет аркылуу тарапташтарын көчөгө чыгууга үндөп жатышат.

XS
SM
MD
LG