Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Каримова аралашты делген чатак боюнча 300 млн. доллар камакка алынат


Гүлнара Каримовга таандык Сангзор диагностика борбору. Ташкент.
Гүлнара Каримовга таандык Сангзор диагностика борбору. Ташкент.

АКШнын Юстиция министрлиги президент Ислам Каримовдун кызы аралашкан деп шектелген орусиялык-өзбекстандык чатакка байланыштуу 300 миллион долларды камакка алганга уруксат алды. 9-июлда Нью-Йоркто райондук судья Андрю Картер ушундай өкүм чыгарды. Ага ылайык, Нью-Йорк Меллон банкынын Ирландия, Люксембург жана Бельгиядагы бөлүмдөрүндөгү, ошондой эле Clearstream банкынын Люксембургдагы компанияларына тийиштүү каражаттары камакка алынат. Бул акчалар Өзбекстандын президентинин тууганы болгон “А” атуу өкмөттүк адамга пара төлөө үчүн пайдаланылганы айтылат. Былтыр мартта Швециянын прокуратурасынын билдиришинче, Гүлнара Каримованы TeliaSonera компаниясы Өзбекстанда иштөөсүнө уруксат берүү үчүн андан пара алган деген окуяны иликтеп жатканын билдирген. Ал былтыртан бери үй камагында отурат жана мурдагы жардамчыларынын көбү соттолгон.

XS
SM
MD
LG