Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

Талибдердин лидери Кабул менен сүйлөшүүлөрдү жактады


Ооганстандагы “Талибан” кыймылынын лидери Молдо Омор Кабул менен жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрдү “легитимдүү” деп атады.

"Эгер биз диний эрежелерибизди карап көрсөк, анда жолугушууларга, атүгүл душман менен тынчтык максаттагы мамилелерге тыюу салынган эмес" деп айтылат талибдердин лидеринин билдирүүсүндө.

Молдо Омордун айтышынча, сүйлөшүүлөрдүн максаты чет элдик күчтөрдүн Ооганстанды “басып алуусун биротоло токтотуу”.

Ооганстандын Жогорку тынчтык кеңешинин мүчөлөрү жана “Талибандын” өкүлдөрү өткөн жумада араздашууну токтотуу максатында Ооганстанда биринчи ирет расмий жолугушкан.

“Талибан” жана башка исламчыл согушчан топтор 2014-жылы чет элдик аскерлер өлкөдөн чыгарылгандан бери Ооганстанда кол салууларды күчөттү.

XS
SM
MD
LG