Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Депутат Коркмазов 100 миң доллар пара менен кармалды


Хажимурат Коркмазов
Хажимурат Коркмазов

Улуттук коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовду 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Жогорку Кеңештин депутатын 100 миң доллар алып жаткан жеринен Коррупцияга каршы күрөшүү борбору менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери кармаган.

Депутаттын кеңешчиси Болот Аванов маалыматты уккандан кийин Коркмазов менен байланыша албай жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Расмий маалыматка караганда, Коркмазов парламенттин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге тиешелүү иштердин бирин Жогорку Сотто анын кызыкчылыгына чечип берүү үчүн Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара сураган.

Башкы прокурор депутатка Кылмыш-жаза кодексинин 303 (коррупция), 313 (опузалап пара талап кылуу) жана 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Ал ортодо Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев депутат Хажимурат Коркмазовдун камалышына байланыштуу түшүндүрмө берди. Ал буга чейин айрым маалымат сайттарына “Нарымбаев да камалды, тиешеси бар” деп жазылгандарды жокко чыгарды.

Нарымбаевдин айтканы боюнча Коркмазов ага келип, камактагы депутат Нариман Түлеевдин кызын кабыл алып коюусун суранган. Бирок Президенттик аппараттын жетекчиси андан баш тарткан.

Нарымбаев ага чейин Түлеевдин кызы менен атасынын жана туугандарынын камакка алынган мүлкүнө байланыштуу эки ирет жолукканын кошумчалады.

Нарымбаев: Коркмазовдун ишине тиешем жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Хажимурат Коркмазов 62 жашта, улуту карачай. Жогорку Кеңештеги экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жана "Реформалар үчүн" деп аталган депутаттык топтун мүчөсү. 2010-жылы сентябрда "Ата-Журт" партиясынан депутат болуп шайланган. 1995-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты. Милициянын генерал-майору.

XS
SM
MD
LG