Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:38

Рамис Рыскулов тууралуу "Ыр аке" китеби чыкты


Бүгүн, 17-июлда, Улуттук жазуучулар бирлигинин жыйындар залында Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты Венера Бөлөкбаеванын "Ыр аке" аттуу китебинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жазуучулар бирлигинен кабарлашты.

Китеп кыргыз Эл акыны Рамис Рыскуловдун чыгармачылыгына жана өмүр жолуна арналган. Жыйнакка автордун Рамис Рыскулов менен болгон жеке чыгармачылык байланышы жана достук мамилеси камтылган. Эл акынынын архивдик сүрөттөрү, гезитке берген маектери, ага арналып жазылган ырлары киргизилген.

Буга чейин Венера Бөлөкбаеванын “Гүкү энем”, “Жүрөгүмдө” аттуу ыр жыйнактары, “Көңүл” аттуу прозалык чыгармасы жарык көргөн.(ZA)

XS
SM
MD
LG