Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

АКШ элчилиги Кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсүнө жооп кайтарды


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсүнө кабатырлануусун билдирди. Анда белгиленгенге караганда, эки өлкө ортосунда 1993-жылы кабыл алынган келишим - жыйырма жылдык кызматташтыктын негизи. Анын токтотулушу Кыргыз элине жардам берип келе жаткан бир топ программалардын чектелишине алып келет. Билдирүүдө андай программалардын катарына экстремизмге каршы, экономика, билим берүү тармактарын өнүктүрүү жана демократияны колдоо кирери белгиленген.

Кыргыз өкмөтү өз ара кызматташуу тууралуу эки өлкө ортосунда 1993-жылы кабыл алынган келишимди бир тараптуу токтотуу ниетин билдирип, муну Кыргызстандын соту кылмышкер деп тапкан Азимжан Аскаровго “Адам укугунун коргоочусу” сыйлыгын ыйгарышына байланыштырган.

АКШ элчилиги болсо билдирүүсүндө Мамдепартамент тарабынан Азимжан Аскаровго сыйлык берилишинин төмөнкүдөй жүйөөсүн келтирген.

Азимжан Аскаров адам укуктарын коргоп жүргѳн бирден бир фигура. Аскаров уюм түзүп, Кыргызстандагы милициянын ишин чагылдырган бир нече изилдөөлѳрдү жүргүзүп, мыйзамга каршы иш-аракеттерди тапкан. Анын кесепетинен кээ бир чиновниктерге күнөө койуулар болгон. Аскаров 2010-жылдын июнь айында болгон улуттар аралык каргашалуу окуялар убагында өлтүрүүлөрдү жана кыйратууларды документтештирип алган. Андан кийин эле ошол окуяларга тиешеси бар деп камакка алынган. Ал ѳмүрүнүн акырына чейин абакта болсун деген чечим сотто жана апелляциялык кайра каралуу ишинде кабыл алынган. Бул ишти иликтөө учурунда жана чечимди кабыл алып жатканда процессуалдык мыйзам бузуулар жана кыйноолор орун алган. Абакта отурган болсо да, Аскаров бүт улуттардын биримдигин чакырып, кыргыз өкмөтүн улуттар аралык ынтымагына жана Кыргызстандагы башка улуттар менен бирге ачык коомду түзүүгө чакырып келет.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Адам укуктарын коргоочу сыйлыгын адам укуктарын жана демократияны коргоодо кѳрүнүктүү лидерлик жана эр жүрөктүк кылган инсандарга же болбосо мамлекеттик эмес уюмдарга ыйгарат.

XS
SM
MD
LG