Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:57

Атамбаев: Куралдуу күчтөргө өзгөчө көңүл бурулат


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев “Манас” аба майданындагы АКШнын мурдагы Транзиттик борборунун ордуна ачылган Улуттук гвардиянын атайын батальонунун абалы менен таанышкан учурда билдирди. Өткөн аптадагы атайын операцияны мисал кетирген мамлекет башчы учурда коопсуздук маселеси актуалдуу болуп турганын айтты. Атамбаев Улуттук гвардиянын атайын батальонуна 500 миң сомдук сертификат тапшырды.

Атайын батальондо азыр 200 аскер бар, алардын санын 1500ге жеткирип, атайын бригада кылып түзүү мерчемделүүдө. Улуттук гвардиянын атайын батальону конституциялык түзүлүштү, өлкөнүн эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактын бүтүндүгүн коргоого милдеттендирилген.

АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аэропортундагы Транзиттик борбор Кыргызстандагы ишин токтотуп, чыгып кеткенине бир жыл болду. 2001-жылы декабрда ачылган аскер базасы катары ачылып, кийинчерээк Транзиттик аталган борбордун келишими өткөн жылы 10-июлда аяктаган. Өз ишин жыйынтыктап жатып, Транзиттик борбор кыргыз тарапка 30 млн. долларлык имараттарын жана техникалык жабдыктарын калтырган. (КЕ/ZKo/TSh)

XS
SM
MD
LG