Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

HRW Астананы ЛГБТнын укуктарын коргобойт деп айыптады


Human Rights Watch эл аралык укук коргоочу уюму Казакстандын бийликтерин лесбиянкаларды, гейлерди, бисексуалдарды жана трансгендерлерди дискримациядан жана кодулаган мамилелерден коргой албайт деп сынга алды. Уюмдун бүгүн жарыяланган билдирүүсүндө казак жергесинде ЛГБТ “коркунуч атмосферасында” жашап жатканы айтылат.

«Казакстандын өкмөтү ЛГБТнын укуктарын коргой турганын ачык билдириши керек. Аларды дискриминация кыла турган мыйзамдык актыларды жоюп, гомофобияны жок кылуу боюнча чечкин чараларды көрүүсү зарыл”, - деп айтылат аталган докладда.

23-июлдагы Human Rights Watch уюмунун билдирүүсү Эл аралык олимпиадалык комитеттин добуш берүүсүнүн алдында жарыяланды. Астана 2022-жылы кышкы олимпиадалык оюндарды Казакстанда өткөрүү укугун алабы, жокпу 31-июлда чечилет. 2022-жылы кышкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө дагы бир талапкер өлкө - Кытай. (ErN)

XS
SM
MD
LG