Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовго сөгүш берилди


Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында 24-июлда өткөн өкмөттүн жыйынында мэрге өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландык көрсөткөчтөрү аткарылбагандыгына жана турак жай чарбасынын иши солгундап кеткендигине байланыштуу сөгүш берилди. Мындан тышкары өз иштериндеги кемчиликтерине байланыштуу бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү жана сөгүш берилип, айрымдарынын ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Өкмөт жыйынында 2015-жылдын алты айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары каралган. (AzK)

XS
SM
MD
LG