Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:37

Жогорку Нарын каскады үчүн жер бөлүү маселеси чечиле элек


ГЭС курулчу жерлер
ГЭС курулчу жерлер

Бул тууралуу “Русгидро” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, техникалык-экономикалык негиздеме боюнча курулушка 3030 гектар жер бөлүү каралган. Ушул тапта анын ичинен 554, 41 гектар жер берилген. Президент Алмазбек Атамбаев ишкананын жетекчилиги менен болгон жолугушууда жер маселеси кыска мөөнөттө чечилиши зарылдыгын билдирген.

Өкмөттөр аралык келишимге ылайык, Орусия “Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына 12 миллиард рубль которуп берет. Ишкана долбоорду ишке ашырууга 2 миллиард рубль бөлүп берип, анын 1 миллиарды сарпталган. Эми долбоорду каржылоого дагы кошумча 1 миллиард рубль бөлүнмөй болду.

“Русгидро” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Евгений Дод 25-июлда президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда Кыргызстанда мындан ары энергетикалык объекттердин курулушу толук кандуу жүрө баштарын жана алгачкы эки станция өз убагында бүткөрүлөрүн билдирген.

2012-жылкы келишимге ылайык, төрт жылдын аралыгында алгачкы каскад ишке кирип, электр энергиясын бөлүп чыгаруу каралган болчу. Долбоор боюнча төрт каскад курулмак.

Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу үчүн алгач 400 миллион доллар сарпталары маалымдалганы менен бир жылдан кийин анын баасы 727 миллион долларга өскөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG