Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Корукка күч менен кирген аскер кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Жалал-Абад Аскер прокуратурасы Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн командирине, подполковник Д.Сга жана башка аскер кызматкерлерине Кылмыш кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) жана 305-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Шектүүлөр 22-июлда Сары-Челек коругуна кызмат унаалары менен келип, ал жерге кирүүгө тыюу салынганына карабастан кирип кетишкен. Интернетке жарыяланган видеодо аскер адамы коруктун өткөрүү пунктундагы кызматкерди опузалап, түртүп, дарбазаны өзү ачып, унааны киргизип жатканы тартылган.

Коруктун кызматкерлери бул окуяга байланыштуу чара көрүү талабы менен Коргоо министрлигине кат менен кайрылган болчу.

Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG