Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Сот Каддафинин баласын өлүм жазасына буйруду


Ливиянын маркум диктатору Муаммар Каддафинин уулу Сейф ал-Исламды Триполи шаарынын соту өлүм жазасына буйруду. Ал-Ислам 2011-жылдан бери азыркы өкмөттү колдобогон Зинтан шаарындагы козголоңчулардын колунда болгондуктан сот өкүмү ага сыртынан чыгарылды.

Өткөн жылдын апрель айынан бери уланган соттук процессте Сейф ал-Ислам төрт жыл мурда нааразылык акциясына чыккан элди курал колдонуу менен тараткан деп табылды. Анда митингге чыккан калк Исламдын атасы Каддафини бийликтен кулаткан.

Өлүм жазасына Каддафинин тушундагы чалгын кызматынын мурдагы жетекчиси Абдулла ал-Саннуси жана экс-премьер-министр Багдади ал-Махмуди да тартылды. Алар менен кошо дагы алты адамга ушундай сот чечими чыкты.

Соттук угууларды бир катар бейөкмөт уюмдар акыйкат өткөн жок деп сынга алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG