Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:10

БШК шайлоого даярдык көрүү боюнча календардык планды бекитти


Планга ылайык, шайлоочулардын тизмеси таанышуу үчүн 20-августка чейин илинет. Шайлоочунун тизмеде бар экендигин тастыктаган билдирмелер 25-августка чейин таратылат.

Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо 4-сентябрда башталат. Ушул учурдан тарта үгүт маалы расмий башталат. 4-сентябрга чейин жүргүзүлгөн үгүт иштерине мыйзам тыюу салат.

БШКнын чечими менен эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрүү 4-сентябрдан 1-октябрга чейин созулат.

Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо 24-октябрга чейин жүргүзүлөт. Жыйынтыктарды массалык маалымат каражаттарында расмий жарыялоо шайлоонун жыйынтыгы аныкталган күндөн кийин эки апта ичинде уюштурулат.

Президенттин жарлыгына ылайык парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өткөрүлөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG