Кыргызстанда 30-июлда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32
Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30
Бишкекте 30-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 17…19 градус, күндүз 31…33 градус жылуу болот. (AzK)