Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Хижабдын коргоочулары өкмөт башчыга жооп кайтарышты


Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, “Дил мүрөгү” адеп-ахлак борборунун башчысы Өзбек ажы Чотонов жана "Акыл, эс, рух, ыйман” коомунун төрагасы Дүйшөн ажы Абдылдаев хижаб жөнүндө премьер-министр Темир Сариевдин айткандарына жооп кайтарышты. Алар хижаб менен кыргыз кыз-келиндери илгертеден кийген элечек бирдей экенин айтып, демократиялуу өлкөдө диний ишенимине жараша кийинүүгө тыюу салуу адам укуктарына туура келбесин белгилешти.

Эл өкүлү Турсунбай Бакир уулу өкмөт башчы хижабды паранжа менен алмаштырып алышы мүмкүндүгүн белгилеп, андай болсо паранжаны чындыгында кыргыз кыз-келиндери эч качан кийбегенин, жүзүн жаппаганын билдирди.

Өкмөт башчы Темир Сариев өткөн аптада Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынында диний радикализм күчөп баратканына, буга байланыштуу өлкө коопсуздугун сактоо маселесине токтолуп, динге жамынып, жергиликтүү элге жат салттарды, маданиятты таңуулоо аракети жүрүп жатканын белгилеген. Анын хижаб кийүү кыргыздын салты эмес” деп айтканы диний чөйрөдө ар кандай талкууларга жем таштады. (AzK)

XS
SM
MD
LG