Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

Казактар "интим жихадга" кабатыр


"Шайтан жолундагы жыныстык жихад" тасмасынан алынган сүрөт
"Шайтан жолундагы жыныстык жихад" тасмасынан алынган сүрөт

Казакстанда “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы расмий өнөктүк күчөтүлүүдө. Аз күн мурда эле интернетте “Шайтан жолундагы жыныстык жихад” аттуу видеофильм пайда болду. Аны Казакстан мусулмандар дин башкармасына караштуу “Хикмет” студиясы тарткан.

Баш-аягы 12 мүнөткө созулган бул тасмада жакындан тарта ислам тарыхында деле көз көрүп, кулак укпаган “жыныстык жихад” деген жаңы термин, жаңы кубулуш пайда болгону, Сирия менен Иракта согушуп жаткан “Ислам мамлекети" радикал тобунун катарында согушкерлерге интимдик кызмат көрсөткөн жихадчы аялдар пайда болгону, аталган радикалдык топ кыз-келиндерди ар кандай айла-амал менен өз катарына азгырып жатканы тууралуу сөз болот.

Тасмада теолог, дин таануучу деп тааныштырылган бир канча эксперттер бул ислам динине жат көрүнүш экенин, исламда андай убактылуу нике деген түшүнүк жоктугун айтып, жыныстык жихад деген нерсени толугу менен четке кагат. "Алардын жихады Алланын жолунда эмес, тескерисинче азгындар жана адашкандар үчүн жасалган жихад", - дейт анда сүйлөгөн эксперттердин бири.

Тасмада андан ары "жыныстык жихад" деген термин кайдан чыкканы, анын туура эместиги тууралуу маалыматтар айтылат. Маселен казак муфтиятынын бөлүм башчысы Алтынбек Үтысханулы махабат жихады тууралуу фатваны жалган фатва деп, Куран аяттарынан мисал келтирет:

- Дүйнөдө эң жаман нерсе - жалган фатва берүү. Алланын атынан жалган айткандар асти кутулбайт. Жыныстык жихад тууралуу фатва ошондой негизсиз.

Теолог Ершат Оңгаров болсо "жыныстык жихад" дегендин тарых-таржымалын чечмелеп берген:

- Аалымдардын пикиринче, жыныстык жихад деген терминди алгач радикал ислам агымын жактоочусу Мухаммад Арифи чыгарып, сунниттик багыттагы мусулман кыздардын өз эрки менен Сирияга барып, Башар Асаддын режимине каршы согушуп жаткан аскерлердин жыныстык кумарын кандырууга чакырган...

Ошентип “Шайтан жолундагы жыныстык жихад” деп аталган тасмада сүйлөгөндөрдүн баары кийинки кезде эл аралык медиада көп сөз болуп жаткан жыныстык жихадды жалган фатванын негизинде мусулманчылык менен адамгерчиликтен четтөө катары сыпаттайт. Ошондой эле көрүүчүлөрдү исламга байланышкан бардык маалыматтарды муфтияттын сайтынан алууга үндөйт.

Бул тасма азыр казак коомчулугунда ар кандай кабылданып, бирлери аны кубаттаса, бирлери Казакстанда андай коркунуч жок экенин айтат.

Астанадагы Азирети Султан мечитинин наиб-имамы Бакытжан Өткелбай “Азаттыктын” казак кызматына исламды туура эмес түшүнүп, адашып жүргөндөр үчүн мындай тасмалардын таасири зор экенин айткан. Ал ошондой эле Сирия менен Ирактагы согушкерлер менен убактылуу никеге туруп, жыныстык жихадга кетип жаткандардын арасында казакстандык кыз-келиндер бар-жогун укпаганын, бирок казак муфтиятына ушул кубулуштун маани-маңызын түшүндүрүп берүүнү суранган кайрылуулар көп болгонун белгилеген.

Теология жана философия илимдеринин доктору Досай Кенжетайулы болсо Казакстанда аялдардын жыныстык жихадга кетүү коркунучу жок деп эсептейт: "Бул жалпы эмес, айрым бир жамааттарга гана тиешелүү көрүнүш болушу мүмкүн" деген теолог бирок көпчүлүккө анча тааныш эмес түшүнүктү жарыялап талкуулай берүү менен айрым медиа каражаттар терроризм менен экстремизмге үгүт жасап алуудан сак болушу керек деп эсептейт.

Чыгыш таануучу Аширбек Муминов Казакстандан Сирияга кеткен аялдар баары күйөөлөрү менен чогуу кеткенин эске салып, Казакстан үчүн жыныстык жихад коркунучу жок деген ойдо.

2013-жылдын соңунда интернетте “Сирияга жихад үчүн конуш оодардык” деген казакстандыктар тууралуу видео тараган соң Казакстанда экстремизмден кооптонуу күчөгөн. Ошондон тарта өлкө бийлиги радикализм коркунучу тууралуу сөз кыла баштаган. Казак коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, азыр Ирак менен Сириядагы куралдуу кагылыштарга 150дөн ашык казакстандык катышып жүрөт. Алар менен кошо 200дөн ашык аял жана балдар да бар. АКШнын контртеррордук борборунун маалыматы боюнча, “Ислам мамлекети” радикал тобуна азгырылган казакстандыктардын саны миңге жетет.

Жыныстык жихад же интим жихад темасы буга чейин кошуна Өзбекстанда да козголуп, өткөн айда мамлекеттик телеканалдар аркылуу байма-бай түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал көрсөтүүлөрдө соңку мезгилде Сирияга жихадга кетип жаткан өзбек аялдардын саны көбөйгөнү, алардын дээрлик баары “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлерине сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн кетип жатканын расмийлер аныктаганы айтылган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG