Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

Сариев: Талас акими кызматынан алынат


Жалал-Абадда иш сапары менен жүргөн премьер-министр Темир Сариев Талас районунда кош бийлик болуп жатканын айтты. Сариев райондун акими Райкан Өзүбеков сынды туура эмес кабыл алып, айылдык кеңештин депутаттары менен кошмо жыйын өткөрүп, жогорку бийликти укпай жатканын кошумчалады.

- Биз тартипти орнотобуз, башаламандыкка жол бербейбиз. Дүйшөмбү күнү Өзүбеков жумуштан алынып, жоопкерчиликке тартылат.

Талас районунун акими, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Райкан Өзүбековду кызматтан алынса райондогу 11 айыл өкмөттүн башчылары иш таштоого даяр экенин "Азаттыкка" Кууганды айылдык кеңешинин депутаты Азиз Курамаев билдирген эле. Өзүбеков жергиликтүү кеңештин кошмо жыйынында үч талапкердин ичинен бир добуш менен 2014-жылы шайланган. (RsK\SDz)

XS
SM
MD
LG