Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

НАТО баш катчысы Грузияга барат


НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг
НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг

Баш катчы Йенс Столтенбергдин августтун этегине белгиленген расмий сапарын Тбилиси НАТО менен кызматташуу жолундагы маанилүү окуя катары эсептейт. Столтенберг анда кийинки жылы Варшавада өтчү НАТО саммитинде Грузияны күтөрү тууралуу билдирүү жасары күтүлүүдө. Өлкөнүн коргоо министри Тинатин Хидашели аз күн мурда эгер Грузия бул уюмга кирүү үчүн жол картасын албаса "бул трагедия болот" деп белгилеген.

Ошол эле учурда Орусия менен мамилени жөнгө салуу боюнча премьер-министрдин атайын өкүлү Зураб Абашидзе The Wall Street Journal басылмасына Грузиянын Түндүк атлантикалык альянска кирүүсү "бүгүнкү да, эртеңки да күн тартибинде жоктугун" айткан. "Биздин НАТО менен кызматташуубуз Грузияда альянстын аскерий инфраструктурасын жайгаштырууга багытталган эмес", - деп айткан дипломат.

Столтенберг Грузияга 26-августта НАТОнун камкордугу астындагы биргелешкен машыгуу борборунун ачылуу аземине катышканы келет. Борбор азырынча кайсы жерге курулары так эмес. Айрым маалыматтарга караганда, ал мурда орус базасы турган Тбилисинин жанындагы Вазианиде жайгашуусу мүмкүн. Башка маалыматтарда ал өлкө батышындагы Сачхаре шаарчасындагы тоо аткычтарын даярдачу борбордо ачылышы ыктымалдыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG