Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

Украина боюнча соңку сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктады


Беларус борбору Минсктеги сүйлөшүүлөр алты ай мурда кол коюлганы менен толук аткарылбай жаткан ок атышууну токтотуу келишиминин эффективдүүлүгүн жогорулатып, аны сактап калуу максатын көздөгөн эле.

Соңку сүйлөшүүдө козголоңчулардын карамагындагы райондорду Украинанын калган бөлүгүнөн ажырата турган 30 чакырымдык буффердик зонадан майда куралдарды чыгарып кетүү маселеси макулдашылмак.

Бирок 3-августта алты саатка созулган сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктады. Жикчилдердин өкүлдөрүнүн бири Денис Пушлиндин айтымында, сүйлөшүүлөр бүгүн уланышы мүмкүн.

Ал эми Киев менен Москванын чабармандары соңку сүйлөшүүлөр боюнча эч кандай комментарий беришкен жок. (UE)

XS
SM
MD
LG