Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Колумбияда полициянын тик учагы жарылып, 15 адам мерт кетти


Тик учак өлкөнүн түндүк-батыш тарабындагы түнт токойдо жарылган. Набыт кеткен 15 адамдан сырткары экөө өтө оор абалда ооруканага түшкөнүн Ассошиэйтед пресс кабарлады. Алдын-ала маалыматтарга ылайык, кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болгон.

Тик учак маңзат бизнесинин башчыларынын бири Диро Усага аттуу кишини кармоо операциясына катышып жаткан болчу. Аны колго түшүргөндөргө Америка бийлиги 5 миллион доллар убада кылган.

Өткөн аптада да Колумбиянын аскердик тик учагы Кариб аралдарына жакын жерде кырсыкка кабылып, 11 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG