Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:56

Полтавкадагы чууга байланыштуу жети бала кармалды


Жайыл районунун Полтавка айылында чуу уюштурган 7 бала кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматкери Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди.

Маалым болгондой түндө он чакты балдар алты үйдүн айнектерин талкалап салышкан. Учурда жетөө кармалып, убактылуу тергөө жайында сурак берүүдө. Жаңжалга катышкан башкалары да аныкталып жатат.

Осмонбаевдин белгилөөсүндө айрым маалымат булактары жаңжал этникалык негизде чыккан деген жалган маалымат таратышууда. Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгында билингендей, буга чейин жабыр тарткандар менен кармалгандар ортосунда пикир келишпестиктер орун алган. Азыркы маалда айылда элдер чогулуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. (SDz)

XS
SM
MD
LG