Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Бишкекте үч эм төрөлдү


Бишкектин №4 төрөт үйүндө бүгүн түнү үч эм төрөлдү. Энеси, 25 жаштагы Нуржан Асаналиеванын жана ымыркайлардын абалы, догдурлардын айтымында, канааттандырарлык. Экөө эркек, үчүнчүсү кыз бала. Ар биринин салмагы 2,5 килограммдын тегерегинде.

Буга чейин 5-июнда да Бишкекте үч эм төрөлгөн. Алардын энеси жалгыз бой болгондуктан социалдык тармактар аркылуу жардам чогултулган.

Бүгүн жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын үй-бүлөсү Бишкекте ижара батирде жашайт, тун перзенти 2 жашта. (RK)

XS
SM
MD
LG