Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Турсунбеков: Өнөктөштөр КСДПны жаманатты кылууда


Төрт жыл коалицияда жармашып жүргөн өнөктөштөр аймактарга келип КСДПны жана анын лидерлерин жаманатты кылып жатышат деп билдирди фракция лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн партиянын Жалал-Абадда өткөн облустук конференциясында:

- Алардан кезегинде премьер-министр болду, министрлери олтурат, бирок күнөөнү бизге оодарып жатышат.

Конференцияга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков да катышып, КСДПнын аткарган иштерин кээ бир партиялар "уурдап" жатышат деди.

Партиянын облустук конференциясына 157 делегат катышты.

Азыр иштеп жаткан Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын курамы КСДП, "Ар-Намыс", "Ата-Мекен" партияларынын фракцияларынан турат.

БШКнын маалыматына караганда аталган үч саясий партия тең 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышарын маалымдаган 30 саясий партиянын катарына кирди.

Мыйзам боюнча шайлоого катышчу саясий партиялар 20-августка чейин курултайларын өткөрүп, тизмесин тактап бүтүшү керек. (RsK/RK)

XS
SM
MD
LG