Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Акын Мариям Буларкиева каза болду


Белгилүү акын, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мариям Буларкиева 78 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” акындын калемдештери кабарлашты.

Буларкиева 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, кийинчерээк Москвадагы М. Горький атындагы адабий институтун бүтүргөн.

“Тамчы”, “Памир гүлдөрү”, “Мээрим”, “Эненин сүйүүсү”, “Өмүр жазы” аттуу ондон ашык ыр жыйнагы жарык көргөн. Акындын чыгармалары орус, украин, тажик, өзбек, казак тилдерине которулган. Көптөгөн ырларына обон чыгарылган.

Ал 1937-жылы Талас районундагы Козучак айылында туулган. Акын 11-августта каза болду. Сөөгү 13-августта жерге берилет. (ZA)

XS
SM
MD
LG