Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Арменияда дезертирликке шектелген орус аскери 10 жылга кесилди


Армениядагы Орусиянын базасынын 19 жаштагы аскери Валерия Пермяков аскерден качкан, курал уурдаган жана мыйзамсыз курал алып жүргөн деген айыптын негизинде 10 жылга абакка кесилди. Армениянын Гүмри шаарындагы аскердик гарнизондук сотто Пермяков өзү жогорку үч берене боюнча айыптарын мойнуна алды. Ал аскердик базадан Түркия аркылуу Орусияга кетүү максатында качканын билдирди.

Ал эми кийинчерээк армян сотунда адам өлтүрүү боюнча соттолот.

Пермяков ушул жылдын 12-январында Аветисяндардын үй-бүлөсүнөн жети кишини, анын ичинде жаш балдарды өлтүрүүгө айыпталууда.

Пермяков боюнча сотту Арменияда өткөрүү талабы менен Гүмри жана Ереван шаарларында миңдеген адамдар митингге чыгышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG