Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Фергюсондо чукул кырдаал узартылды


Миссури штатындагы Сент-Луис аймагынын бийлиги Фергюсон шаарында жана ага жакын аймактарга киргизилген чукул кырдаалды дагы 24 саатка узартты. Өзгөчө кырдаал дүйшөмбү күнкү башаламандыктан улам киргизилген болчу. Өткөн жылы полициянын огунан набыт кеткен кара түстүү Майкл Браунду эскерүү демонстрациясынан кийинки башаламандык учурунда көчө жыйындын алты катышуучусу полицияга ок чыгарган.

Шаардын прокуратурасы 18 жаштагы кара түстүү Тайрон Харриске айып такты, ал жекшембидеги атышуу учурунда ок жеп, абалы оор бойдон калууда.

Шейшембиде жана шаршембиде аймакта абал тынч өттү, полиция тарабынан кармоолор болгон жок. Чукул кырдаалдар жума күнгө чейин созулат.

XS
SM
MD
LG