Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Жер ортолук деңизде 40 мигрант набыт болду


Кеминде 40 мигрант Ливиядан Италияга Жер ортолук деңиз аркылуу качып баратып мерт болду. Италиянын деңиз аскер күчтөрүнүн маалыматына караганда, окуя ливиялык жээктен 21 чакырым алыстыктагы аймакта болгон. Алдын ала маалыматка караганда, кеменин ичинде 400дөй мигрант бара жаткан, алардын 40ка жакыны сыртка чыга албай тумчугуп калган.

Евробиримдиктин маалыматы боюнча Европа азыр Экинчи дүйнөлүк согуштан бери качкындардын ири агымына туш болууда. Быйыл жыл башынан тарта Италияга деңиз аркылуу 100 миң мигрант көчүп барган. Эки миңге жакын ливиялык жаран Италияга баратып жолдон каза тапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG