Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

Башкы прокуратура мыйзамсыз берилген жерлер боюнча кылмыш ишин козгоду


Чүйдүн Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында турак-жай салуу үчүн айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатып жиберген факты боюнча козголгон кылмыш ишин аягына чейин жеткирүүчү атайын комиссия түзүлдү.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, айыл чарбасына багытталган жерлерге мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында 519 үй курулуп, 852 пайдубал тургузулган. Мындан тышкары дагы 45 жер участогуна менчикке чыгарылганы тууралуу күбөлүк берилген. Текшерүүнүн натыйжасында, Сокулук райондук ИИБнын тергөөчүсүнө кылмыш иши козголду. Ал Ново-Павловка айыл округунун башчысынын жерге байланыштуу арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Башкы прокурор Сокулук райондук соту Н.М. карата да кылмыш ишин козгоду. Ага жемкорлук, туура эмес чечим чыгарганы үчүн айыптар коюлууда. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, сот “Красная Заря” дыйкан чарбасынын төрагасы, адвокат Т.Б, нотариус У.Т. менен чогуу мыйзамга туура келбеген 23 сот чечимин чыгарган. Натыйжада 403 гектар айдоо аянты менчикке чыгарылып, турак-жай куруу үчүн жер участогуна берилип кеткен.

Бул иш боюнча Сокулук районунун прокурору кызматынан алынды, ал эми анын эки орун басары кызмат жоопкерчилигине тартылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Ново-Павловка айылы борбор калаа Бишкекке танапташ жайгашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG