Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Милиция шайлоого даярдык көрүүдө


Ички иштер министрлиги шайлоо алдында жана добуш берүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо үчүн атайын комплекстүү иш-чаралардын планын түздү. Ага ылайык, ИИМ министри чыгарган буйруктун негизинде оперативдүү Башкы штаб түзүлгөн. Штабды министрдин 1-орун басары жетектейт. Мындай оперативдүү штабдар өлкөнүн башка аймактарында да түзүлмөкчү.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдашынча, жалпы 2288 добуш берүү участогунда коопсуздукту жана тартипти сактоого 8800 милиция кызматкери жана 8 миңден ашуун ыктыярчылар тартылат. Ар бир шайлоо участогуна бирден жооптуу кызматкер жана патрулдук наряд бекитилет.

1-октябрдан 6-октябрга чейин милиция “күчөтүлгөн режимде” иш алып барышат.

Ички иштер кызматкерлери добуш берүүнү уюштурууга участкалык шайлоо комиссиясына көмөктөшөт, убактылуу тергөө абагында отурган жарандардын добуш берүүсүн уюштурат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG