Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Ош облустук соту Мырзакматовго чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды


Ош облустук сотунун соттук коллегиясы бүгүн Мелис Мырзакматовго Ош шаардык сотунун чыгарган өкүмү боюнча апелляциялык арызды карап, өтүнүчтү канааттандырган жок. Соттук коллегиянын чечими менен Мелис Мырзакматовду 7 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо тууралуу шаар сотунун 22-июлдагы чечими күчүндө калды.

Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрө курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан. Мырзакматовдун жактоочулары Ош шаардык сотунун ага карата өкүмүнүн мыйзамдуулугун кароону суранып, Конституциялык палатага кайрылышкан.

Ушу тапта ички иштер кызматкерлери чогулган элди таратуунун аракетин көрүүдө. М. Мырзакматовдун тарапкерлери да чогулгандарды тарап кетүүгө үндөшүүдө. (YI;ZKo)

XS
SM
MD
LG