Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Аятолла Хаменейи: Ядролук келишимдин болочогу арсар


IИрандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменейи. Тегеран, 17-август 2015
IИрандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменейи. Тегеран, 17-август 2015

Иран жана алты держава (АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия) түзгөн ядролук келишимдин тагдыры али белгисиз. Себеби, Иран менен АКШ парламенти тарыхый келишимди карап беките элек. Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменейинин мындай пикири 17-августта ырасмий жарыяланды. Ырасмий билдирүүдө Аятолла өзү келишимди колдойбу же жокпу айтылбайт. Бирок Хаменейинин өкүлү жана “Кайхан” гезитинин редактору Хусейн Шариятмадари 15-августтагы баш макалада Аятолла ядролук келишимге каршы экенин жазган.

Жакында Иран парламенти жана Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңеш 14-июлда Венада кол коюлган келишимди карайт.

XS
SM
MD
LG