Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:14

Майлуу-Суу: шаар мэрин кызматтан кетирүүгө депутаттар токтом кабыл алды


Шаар башчысы Кыянбек Сатыбалдиевге жергиликтүү кеңештин депутаттары ишенбөөчүлүк көрсөтүп, токтом кабыл алышты. Буга депутаттар "мэр шаардык кеңештин 11-августтагы сессиясына себепсиз катышпады, жарым жылдыктагы отчетун берген жок жана кээ бир имараттарды курууда ашыкча акча пайдаланган деп жүйө келтирүүдө. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Рахатбек Бакалаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, өткөн айда депутаттык комиссиянын жыйынтыгы менен шаардык мэрия бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүдө 900 миң сомдук каражатты ашыкча пайдалангандыгы такталган.“Учурда текшерүүнүн жыйынтыгын прокуратурага өткөрүп бердик”, - дейт Бакалаев.

Буга чейин дагы депутаттар тарабынан шаар мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөн. Кыянбек Сатыбалдиев 2013-жылдын 17-июлунда шаар башчысы болуп шайланган. Алдыдагы парламенттик шайлоого тизмеде 34-болуп КСДП партиясынын атынан катышууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG