Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Украина чек арага 50 миң орусиялык аскер топтолгонун билдирүүдө


Бул тууралуу украин армиясынын Генштабынын өкүлү Владислав Селезнев билдирди.

Анын ырастоосунда, чек арага 50 миңдей аскерди топтоо менен Орусия Киевге “кысым көргөзүүгө” аракеттенүүдө.

Украинанын чыгышындагы кырдаал 17-августка караган түндөн бери курчуп кетти.

Өкмөттүк күчтөрдүн эсебинде, өзүн өзү жарыялаган Донецк жана Луганск элдик республикаларынын согушкерлери активдүү аскерий аракеттерди “Минск келишимин бузуу үчүн” жандандырышты.

Бул тууралуу бүгүн украин армиясынын Донбасстагы штабынын өкүлү Анатолий Стельмах билдириди. Анын пикиринде, жикчилер Орусиядан жардам алыш үчүн Киевди кеңири масштабдагы урушка түртүүнү көздөшүүдө.

Киевдин эсебинде, жикчилер 17- августа ок атышууну токтотуу режимин 86 ирет бузушкан.

Донецк элдик республикасында болсо украин аскерлерин өткөн түнү Донецктин өзүн, Докучаевск жана Кызыл партизан деген жерлерди аткылаганы үчүн айыптоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG