Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

АКШ президенти Иран келишимин коргоп кала алат


Ненси Пелоси.
Ненси Пелоси.

Мындай пикирин Демократиялык партиянын Конгресстин Эл өкүлдөр палатасындагы лидери Ненси Пелоси билдирди.

Анын айтымында, президент Барак Обамада Ирандын өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн АКШ баштаган алты ири державасы жана Тегерандын ортосунда түзүлгөн келишимди коргоп калыш үчүн колдоо жетиштүү болот.

Конгресстин Республикалык партия үстөмдүк кылган эки палтасы келишимди четке кагары күтүлүүдө.

Бирок президент Обама ал резолюцияга вето саларын эскерткен. Президенттин ветосун жеңиш үчүн болсо эки палатада тең үчтөн эки добуш талап кылынат.

Демократтардын лидери Ненси Пелосинин ырастоосунда, Обамада ветосун жеңдирбегидей колдоо бар. Бирок ал добуштардын так санын айткан жок.

Президент ветосу күчүндө калыш үчүн Сенатта 34 демократтын колдоосуна муктаж. Буга чейин алардын 26сы келишимди колдой турганын ачыкташты. Вето күчүндө калыш үчүн Эл өкүлдөр палатасында 146 добуш зарыл. Буга чейин ал жердеги демократтардын 50дөн ашууну гана келишимди колдорун айтышкан.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча он жыл ашуунга созулган талашты жөнгөрүү жолдору каралган келишим дүйнөнүн АКШ баштаган ири алты державасы жана Тегерандын ортосунда өткөн айда түзүлгөн.

(UE)

XS
SM
MD
LG