Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Орусия санкциялык тамак-аш ташыгандарды түрмөгө кесиши мүмкүн


Санкциялык тамак-аш тебеленүүдө. 7-август, 2015-жыл.
Санкциялык тамак-аш тебеленүүдө. 7-август, 2015-жыл.

Мындай мүмкүнчүлүк Орусиянын Федералдык бажы кызматы даярдаган мыйзам долбоордо каралган.

Бул мекеме Батыштын Орусия тыюу салган тамак-ашын “стратегиялык импорт” деп эсептөөнү сунуштоодо.

Импорт үчүн мындай аныктама Орусияда азыр радиоактивдүү өзөктүк материалдар жана уулуу заттар үчүн гана колдонулат.

Мыйзамда Еврошаркеттен, АКШдан жана кара тизмедеги башка өлкөлөрдөн тыюу салынган тамак-ашты контрабандалык жол менен ташыгандарга жазаны күчөтүү жагы да сунуш кылынды.

Эгер жеке адамдар же фирмалар санкциялык тамак-ашты соодаласа кылмыш иши козголуп, жети жылга чейин соттолушу мүмкүн.

Ал эми тыюу салынган продукцияны ири көлөмдө импорттогондор кылмыштуу топтор болсо, алардын мүчөлөрү түрмөгө 12 жылга чейин кесилет.

Орусия Крымдын аннексиясынан улам Батыш киргизген санкцияларга жооп кылып, азык-түлүк эмбаргосуна өткөнүнө 7-августа бир жыл толду.

Өлкөгө контрабандалык жол менен ташылып келди деген тамак-ашты жок кылуу иш чаралары, президент Путиндин жардыгына ылайык, 6-августан бери жүрүүдө.

Россельхознадзор мекемесинин эсебинде, 6-15 августтун аралыгында 600 тонна тамак-аш жок кылынды. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG