Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Билим берүү министрлиги мектепке акча чогултууну тыкыр көзөмөлдөйт


Министрликтин атайын буйругуна ылайык аймактарда жана өзгөчө Бишкек шаарында 1-класска окуучуларды кабыл алууда ата-энелерден мажбурлап акча талап кылуу көзөмөлгө алынат.

Мындай учурда ата-энелер арыз менен министрликке же укук коргоо органдарына кайрылуусу сунушталууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Өлкөдөгү ички миграциянын күчөшүнөн Бишкек шаарындагы мектептердин көпчүлүгү толуп, ага кабыл алууда 5-10 миң сомдон жогору акча талап кылган учурлар бар экени коомчулукта айтылып келет.

Бирок ошол эле учурда ата-энелер өз ыктыяры менен балдары билим алган мектептерге материалдык жардам көрсөтүүгө тыюу салынбайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG