Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:20

Кыргызстанда 17 кишиге бир ПИН берилгени аныкталды


Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шайыкованын өкмөттүк жыйында билдиргенине караганда, бир кишиге гана бекитилип берилүүчү персоналдык идентификация номуру 17 кишиге берилгени аныкталды. Ушул тапта Социалдык фонд менен бул кырдаалды тактоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары дагы тактоону талап кылган 294 иш турганын Мамкаттоонун төрайымы ырастады.

Ошондой эле 9 миңден ашуун жарандын туруктуу дареги жок.

Кыргызстанда шайлоочулардын жаңыланган тизмесине 2 млн. 417 миң адам катталган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага биометрикалык маалымат тапшырган гана жарандар катыша алышат. БШК маалыматтарды чогултуу шайлоого 15 күн калганга чейин улантыларын ырастоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG