Ушул тапта “Улуттук электр станциялары” ишканасы жогорку чыңалуудагы электр линияларын туташтырган “Датка-Кемин” линиясынын курулуш сапатын текшерип, кабыл алуу иштерин жүргүзүүдө. Линияны ишке киргизүү 31-августка болжолдонгон.
500 кВ кубаттуулуктагы Датка жана Кемин подстанцияларын туташтыруучу, узундугу 405 чакырымга созулган линиянын курулушу 2011-жылы башталган. Аталган линиянын ишке кирүүсү менен Кыргызстан Борбор Азияны туташтырган энергетикалык айлампадан көз карандысыз болмокчу.
“Датка-Кемин” долбоорунун жалпы суммасы 389 млн. 795 долларды түзөт.(ZKo)