Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

АКШ Беларуста оппозициячылар абактан бошотулушун кубаттады


Саясий айыпкер Николай Статкевичти жактоочулары тосуп алып жаткан учур. Минск, 22-август, 2015-жыл.
Саясий айыпкер Николай Статкевичти жактоочулары тосуп алып жаткан учур. Минск, 22-август, 2015-жыл.

Оппозициячыл саясатчы, президенттикке мурдагы талапкер Николай Статкевичтин жана башка беш адамдын түрмөдөн чыгарылышын Мамлекеттик департамент “Беларустун эли үчүн позитивдүү окуя жана АКШ менен алаканы нормалдаштыруу багытындагы маанилүү кадам”,- деп атады.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жон Кирбинин айтымында, АКШ эми Беларус алдыдагы шайлоодо ЕККУ уюмунун стандарттарын сактаса, эки өлкөнүн алака-катышы жакшырат деп ишенет.

Оппозициячылардын абактан бошотулушун Еврошаркеттин жетекчилери да Минсктин алар менен мамилени оңдоо жолундагы "маанилүү прогресс" катары мүнөздөштү.

Расмий өкүлдөрдүн билдирүүсүндө белгиленгендей, Евробиримдик эми беларус бийликтери абактан чыккандардын жарандык жана саясий укуктарын чектебейт деп күтөт.

Абактагы алты оппозиционерге кечирим берүү жөнүндөгү жардыкка президент Александр Лукашенко 22-августа кол койгон.

Алардын ичинен Николай Статкевич 2010-жылкы президенттик шайлоого катышып, 2011-жылы шайлоодон кийин массалык баш-алмандык уюштурду деген жүйө менен соттолгон. Ал түрмөдө беш жылдай олтурду.

11-октябрда Беларуста кезектеги президенттик шайлоо өтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG