Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Ажылыкка аттангандардын алгачкы тобу бүгүн жөнөйт


Кыргызстандан быйылкы ажылык сапарга аттангандардын алгачкы тобу бүгүн Ош эл аралык абамайданынан Сауд Арабияга учат. Биринчи курамда 200 киши бар. 11-сентябрга чейин Бишкек жана Ош шаарларындагы абамайданынан жалпысынан 18 каттам аткарылат. Зыяратка баруучулардын саны - 3685 киши.

Муфтияттан “Азаттыкка” билдиришкендей, зыяратчылар ажылык амалдарын аткарып бүткөндөн соң 28-сентябрдан тарта Кыргызстанга кайра келе башташат. Акыркы топ 15-октябрда кайтат.

Каттамдарды Сауд Арабиянын “Флай Нас” авиакомпаниясы аткарат. (SE)

XS
SM
MD
LG