Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:03

Абакта оозун тиккен жаран нааразылык акциясын улантууда


Бишкектеги №1 Тергөө абагына кылмышка шектүү катары камалган Рахимжан Бурадинов милиционерлерге каршы нааразылык акциясын улантып жатат. Ал Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине нааразылык билдирип, 22-августта оозун тигип алган. Буга негиз кылып, тергөө учурунда кыйноого кабылганын, күч органынын өкүлдөрү ал жасабаган кылмыш иштерин да моюнуна алдырууга мажбурлаганын айткан.

Бүгүн ага түтүкчө аркылуу суюк тамак берилип жатканын Жаза аткаруу кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы Бурадиновдун милиция кызматкерлери тууралуу айтканын куру доомат деп атаган. Маалыматка ылайык, ал уурулук жасаганы үчүн мурда төрт ирет соттолгон. (SE)

XS
SM
MD
LG