Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Германияда качкындар жайгашкан турак өрттөлдү


Германиянын чыгышындагы Науен шаарында белгисиз адамдар качкындар баш калкалап турган жайды өрттөп кетишти. Өлкөнүн ички иштер министри өрт койгондорду катуу жазаларын убада кылып, муну жалпы немис эли менен байланыштырбоону суранды. Министрдин сөзүнө караганда, Германияга июль айында эле 90 миң качкын кирген. Мурда мынчалык сандагы качкын бир жылда да келчү эмес.

Сирия, Ооганстан жана Түндүк Африкадагы тынч эмес өлкөлөрдөн качкан адамдардын чоң тобу Европадан баш калка табуу үчүн агылууда.

Германия менен Швеция Евромейкиндиктен баш паанек издегендердин 43%ын кабыл алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG